Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.11.2017 12:06

Кара-Көлдө көк бөрү мелдешин жеңген токтогулдук улакчыларга «Жигули» унаасы тапшырылды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 6-7-ноябрда өткөн көк бөрү мелдешинде баш байгеге коюлган «Жигули» унаасын Токтогул районунун Терек-Суу айылынын улакчылары жеңип алышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Көк бөрү мелдеши 6-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата уюшулган улуттук ат оюндарынын алкагында башталып, 7-ноябрь күнү жарым финалда «Коңур-Өгүз», «Кызыл-Жар», «Ак-Тектир», «Токтогул», «Кара-Көл», «Ынтымак», «Терек-Суу» командалары беттешти.

Жыйынтыгында баш байгеге коюлган «Жигули» автоунаасын Терек-Суу айылынан келген улакчылар жеңип алды. 2-орунду «Токтогул» командасы ээлеп, 30 миң сом, 3-орунду «Кызыл-Жар» командасы ээлеп, 20 миң сом, 4-орунду Кара-Көлдүн улакчылары багындырып, 10 миң сом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×