Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.11.2017 15:16

Бишкек—Ош жолунда таштарды кулатуу иштери жүрүүдө (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 400-401-403-404-чакырымдарында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кара-Көл шаарындагы №30 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Э.Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер 14-ноябрдан 22-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

«Аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу унаа жолго тоо кыркаларынан ар кандай көлөмдөгү таштар кулап түшүп турат. Ошол себептен күтүүсүз жол кырсыктарын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында мындай иштер аткарылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×