Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.11.2017 16:13

Кара-көлдүк жаштар тазалык акциясына чыгышты фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында кечээ, 14-ноябрда «Таза шаар — таза коом» иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын 70 студенти катышты. Анда студенттер шаардагы сейил багын, жаштар аллеясын, көчөлөрдүн жээктерин, суу агуучу латоктордун ичин, шаардын борборундагы объектилердин, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы таштандыларды тазалашты.

Акция Ыйман, адеп жана маданият жылына жана 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө, 17-ноябрь — Студенттер күнүнө карата өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — жаштар арасындагы ынтымакты чыңдоо жана бекемдөө, жаштар саясатын өнүктүрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×