Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдүн элине эртең жылуулук бериле баштайт

Turmush -  Кара-Көл шаарынын калкына жылуулук 17-ноябрдан баштап бериле баштайт. Бул тууралуу 15-ноябрда шаар жетекчилери ЭКККМКнын Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушууда Токтогул ГЭСтер Каскадынын жылуулук берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сартбаев билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин шаардагы жылуулук түтүктөрү үч жолу текшерүүдөн өтүп, суу жүгүртүлүп, абоненттерге билдирүү берилген.

«Быйыл жылуулукту графиктик негизде берели деп турабыз. Анткени бизде 3700 абонент, 4 отказан бар. 3700 абонентке бир күндө жылуулук бере турган болсок, алардын баары үйүндө болбой калышы мүмкүн. Ошондой эле, абоненттер жылуулук түтүктөрүн өз убагында алмаштырбай, кыш мезгилине даярдык көрбөгөнүнө жана шаардагы жылуулук түтүктөрү эскиргендигине байланыштуу ар кандай жагымсыз жагдай жаралышы мүмкүн. Ошол себептен алдын ала кулактандырып, ирээти менен шаар калкына жылуулук бере баштайбыз. 17-ноябрда шаардын Пойма бөлүгүнө, 18-ноябрда Бекташ, 19-ноябрда ДСР, 20-ноябрда шаардын борбордук өйдөңкү бөлүгүнө жылуулук берилет.

Азырынча абанын температурасы +7, +8 градус болууда, эгер 5 күн катары менен +8 градусту көрсөтсө жылуулук бериле баштайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 729
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×