Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.11.2017 09:43

Кара-Көлдө жаштар жумалыгы өтүп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар жумалыгы өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жумалыктын алкагында 16-ноябрда И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы колледжинин жана филиалынын студенттери спорттук мелдештерди өткөрүштү. Футбол боюнча 6 жана шайыр эстафета боюнча 4 команда күч сынашып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.

Иш-чара Студенттер күнүнө карата жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×