Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Республикалык чемпионатта жеңишке жеткен кара-көлдүк жаш футболчулар сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында республикалык чемпионатта жеңишке жеткен жаш футболчулар сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Искра» футболдук командасы 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн республикалык чемпионатта 4-орунду жана облустук турда 1-орунду ээлегендери үчүн ардак грамота менен сыйланышты. Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев сыйлыкты тапшырып жатып: «Келечекте дүйнөлүк чемпионаттарда ойноп, өлкөнүн атын чыгарган футболчулардан болгула», - деген каалоосун айтты.

Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору жана машыктыруучу У.Садабаевдин айтуусунда, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы республикалык чемпионатта 7 облустан чогулган футболчулар беттешкен.

«Буга чейин биздин команда облустук турда 1-орунду ээлегенбиз. Ал эми республикалык турда 4-орунду ээлеп, биздин жарым коргоочубуз Асанбай уулу Бекболсунга Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр футболдук лигасынын «Мыкты жарымкоргоочу» номинациясы ыйгарылып, диплом жана кубок менен сыйланды. Ал эми 13 жашка чейинки оюнчулар арасында «Мыкты коргоочусу» номинациясы Актан Чаргыновго тапшырылып, ал диплом жана кубок менен сыйланды. Учурда шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 5 футболчусу - А.Тагайбеков, Б.Көчкөнбаев, Алымбек уулу Азимбек, А.Байсылханов, М.Кадырбеков Ош шаарындагы Футбол академиясына кабыл алынды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2231
Көп окулду
×