Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Ош—Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 403-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 20-ноябрда Кара-Көл шаарына караган Муздак-Булак участкасында катталган. Күйүүчү май ташуучу «Freightliner» (мамлекеттик номуру 01 Kg 991 ААI) унаасы 19-ноябрда Кара-Балта шаарындагы заводдон 32 миң литр солярка жүктөп, Ош шаарына бара жаткан. Айдоочу Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылына жеткенде эс алып, кайра жолго чыккан. 20-ноябрда Бишкек—Ош жолунун 405-чакырымында чукул бурулуштан рулду башкара албай, оодарылып, жолду туурасынан жаап калган.

Учурда айдоочунун абалы канааттандырарлык.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы Ош—Бишкек жолунда солярка ташыган унаанын оодарылып кеткени боюнча маалымат түшкөнүн, окуя болгон жерге ӨКМдин кызматкерлери чыгып кеткенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×