Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көлдөгү мыкты спортчуларга үй жана унаа берүүнү пландап жатабыз, - мэр И.Еркеев (фото)

Turmush -  Өспүрүмдөр арасындагы республикалык чемпионатта жеңишке жеткен Кара-Көл шаарынын жаш футболчуларына мэр И.Еркеев  кечээ, 21-ноябрда сыйлык тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Искра» футболдук командасы 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн республикалык чемпионатта 4-орунду жана облустук турда 1-орунду ээлегендери үчүн диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мэр сыйлыктарды тапшырып жатып: «Биз шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша келечекте мыкты спортчуларга үй жана унаа берүүнү, спортту өнүктүрүп, аларга колдоо көрсөтүүнү пландап жатабыз», - деди.

Балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору У.Садабаевдин айтымында, республикалык чемпионатта 7 облустан келген мыкты 4 команда биринчилик үчүн беттешкен.

«Биздин футболчулардан КРнын футболдук академиясына 5 бала кабыл алынды. Ал эми 15 жашка чейинки КРнын чемпионатынын облустук турунан «Искра» командабыз 1-орунду ээлеп, республикалык турда 4-орунга татыды. Бул ийгилик көп жылдан бери биринчи жолу жаралып жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1331
Көп окулду
×