Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жеке ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүнүн алдын алуу жолдору талкууланды (фото)

Turmush -  Прокуратура тарабынан каттоодон өтпөй туруп, жеке ишкерлерди текшерүү мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Чуштуков ишкерлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 9 айында укук бузуу фактылары боюнча 15 кылмыш иши козголгон.

«Биздин максатыбыз — экономикалык кылмыштардын санын азайтуу жана алардын алдын алуу. Көмүскө экономиканы кыскартууну, ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүнү алдын алуу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү, экономикалык коопсуздукту камсыздоо. Бул багытта шаардагы жеке ишкерлер, жетекчилер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жеке ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүнүн санын азайтуу багытында иш жүрүүдө. Өкмөттүн токтомуна ылайык ар бир текшерүү прокуратура тарабынан катталышы керек. Каттоодон өткөрүлмөйүнчө ишкерлерди текшерүү мүмкүн эмес. Муну ар бир ишкер билүүсү зарыл. Биздин бөлүм тарабынан 9 ай ичинде 18 укук бузуу фактысы катталгандыгы аныкталган. Жалпы келтирилген зыян 28 млн 29 сомду түзгөн. Анын ичинен 8 млн 978 миң сомду түзүп, 15 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 9 фактыны тергөө аяктап, 7 иш сотко кеткен. Жогорудагы 15 кылмыш ишинин тогузу кызматтык, үчөө салыктык, экөө мыйзамсыз ишкердик жана бири башка кылмыш болгон», - деди ал.

Бул иш-чара «Коррупцияга каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу» темасында өтүп, жеке ишкерлер, банк кызматкерлери шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын жүрүшү суроо-жооптор менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1019
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×