Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.11.2017 12:26

Кара-Көлдө «Соолубасын үмүттөр — 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында кечээ, 27-ноябрда «Соолубасын үмүттөр — 2017» аттуу облустук сынактын аймактык тандоо туру өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул сынак 3-декабрь — Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жана Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында уюштурулду. Аймактык тандоо туруна Таш-Көмүр шаары, Токтогул району жана Кара-Көл шаарынын таланттуу тургундары катышты.

Сынак командалык саламдашуу, кичи же чоң эпостон бир үзүндү көрсөтүү, элдик фольклордук чыгармалар, бий, эркин тема жана эстрадалык чыгармаларды аткаруу менен коштолду.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер, мониторинг жана өнүктүрүү боюнча башкы адиси А.Камбаровдун айтымында, бул сынак облуста быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.

«Cынакта район-шаарлар 4 аймакка бөлүндү. Биринчиге Кара-Көл, Токтогул, Таш-Көмүр шаарлары, экинчиге Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору, үчүнчүгө Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу шаары, төртүнчүгө Жалал-Абад шаары, Тогуз-Торо жана Сузак райондору кирди. Өкүл менен макулдашылып атайын жобо бекитилген, 6 жанр боюнча ар бир команда күч сынашат. Төрт аймактан тандалгандар 1-декабрда Жалал-Абад шаарында өтүүчү сынакка катышат», - деди ал.

Аймактык тандоо турунун жыйынтыгы боюнча командалык саламдашуу жана фольклордук чыгармаларды аткарууда Токтогул районунун «Шамшыкал-Ата» командасы облустук турга өттү. Чоң жана кичи эпостордон үзүндү аткаруу жана эркин тема жанры боюнча Кара-Көл шаарынын «Кара-Көл шамы» командасынын номерлери облустук сынакка жолдомо алды. Ал эми бий жана эстрадалык чыгармаларды аткаруу боюнча Таш-Көмүр шаарынан келген команда облустук турга жолдомо алды. Камандалык эсеп боюнча 3-орунду Таш-Көмүр шаары, 2-орунду Кара-Көл шаары, 1-орунду Токтогул району ээлеп, диплом жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×