Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жардамга муктаж адамдарга эт, азык-түлүк, көмүр таратылды, - ыктыярчы (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жардамга муктаж 49 үй-бүлө бар. Бул тууралуу «Мүрөк-к» коомдук бирикмесинин ыктыярчысы Мелис Чилетиров билдирди.

Анын айтымында, аталган коомдук бирикмеде социалдык абалына жараша 1-2-3-4-даражага бөлүнгөн жардамга муктаж үй-бүлөлөр каттоодо турат.

«Ноябрь айында 15 үй-бүлөгө 10 каптан 25 капка чейин көмүр таратылды. Ошондой эле 6 адам тарабынан берилген 6 эчкинин эти муктаж адамдарга таратылды. 22 үй-бүлөгө 20 миң сомдук азык-түлүктөр берилди. Булардын баары шаардагы атуулдардан жардам катары чогултулган.

Бизде каттоодо турган үй-бүлөлөрдөн бүт документтерди талап кылабыз. Алардын паспортун, балдарынын күбөлүгүн же жесир аял болсо жолдошунун каза болгону тууралуу кара кагазын же ишке жарамсыз, майып экенин тастыктаган документин карайбыз. Ал адамдын жашоо шарты менен таанышууга үйүнө барабыз. Биздин коомдук бирикмеде 6 ыктыярчы иш алып барат. Жардамга муктаж адамдардын арасында үй-бүлөсүн таштап, алимент төлөбөй качып кеткен эркектердин жубайлары жана балдары көп», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×