Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-көлдүк манасчы С.Турсунбаев «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, белгилүү манасчы Салимбай Турсунбаев «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, төш белги кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан ыйгарылды. Тапшыруу аземи 25-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган окуучулар арасындагы сынактын алкагында өттү.

«Аталган сынакта мен жана башка белгилүү манасчылар калыстар тобунда кызмат өтөдүк. Ал эми 20-октябрда Таласта салттуу маданияттын жумалыгында төкмө акындар, манасчылар, комузчулар арасында өткөн сынакта 2-орунду ээлеп, 70 миң акчалай сыйлык менен кайттым», - деди манасчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 703
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×