Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көлдө репрессиянын курмандыктары эскерилди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында репрессиянын курмандыгы болгон кыргыздын көрүнүктүү инсандары эскерилди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаардык балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин окуучулары устаты Р.Тезекбаева менен биргеликте репрессиянын 80 жылдыгына арналган «Тарых барагындагы кара так» аттуу иш-чара өткөрүштү. Ага тарых сабагынын мугалимдери, билим берүү бөлүмүнүн методисттери жана окуучулар катышты.

Алгач шаардык кеңештин депутаты жана шаардык балдар чыгармачыл үйүнүн мугалими Жибек Матзарарова репрессия туралуу доклад окуду. Окуучулар Ч.Айтматовдун «Балалыгым» деген чыгармасынан Төрөкул Айтматовдун жана Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү жөнүндө сахналаштырылган үзүндүлөрдү коюшту.

Ошондой эле, Касым Тыныстанов тууралуу анын баласынын эскерүүсү да көрсөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1620
Көп окулду
×