Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.12.2017 16:03

Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган кишиге чыккан өкүм күчүнө кирди

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган адамга чыккан өкүм прокуратура жана жабырлануучу тараптан даттануу түшпөгөндүктөн күчүнө кирди.

Жалал-Абад облустук соттун маалыматына караганда, Кара-Көл шаардык соту ушул жылдын 24-ноябрында 7 жаштагы кызга ыплас иштерди жасоого айыпталган К.Ж.га карата кылмыш ишти кароодо жашы жете элек жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнөн тосмо кат түшкөн. Анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесинин негизинде соттолуучу К.Ж.ны жазык жоопкерчилигинен бошотууну суранган.

Сот К.Ж.ны күнөөлүү деп таап, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажыраткан. Соттун аталган өкүмүнө прокуратура жана жабырлануучу тараптан даттануу түшкө жок. Соттун өкүмүнө макул болбогон учурда жазык процессинин катышуучулары Кылмыш-жаза кодексине ылайык жогорку сот инстанциясына кайрыла алат. Ал жерде Кара-Кол шаардык сотунун өкүмүнө баа берилет. Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесине ылайык, чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабыр тартуучу менен элдешсе жана келтирилген зыянды жайгарса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Ал эми 133-берененин (Ыплас аракеттер) 3-бөлүмүндө үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Буга чейин Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү адам кармалгандыгы маалымдалган.

Шаардык прокуратуранын билдирүүсү боюнча, окуя ушул жылдын 21-июлунда катталган. Шектүү деп кармалган 44 жаштагы К.Ж. 1-классты аяктаган окуучу кызды шаардагы Ажыматов көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйдүн жер төлөсүнө «акча берем» деп алдап алып кирген.

«Шектүү жабырлануучунун денесине жыныстык мүчөсүн тийгизип, өөп, ыплас аракеттерди жасаган. Бул тууралуу окуучу кыз чоң апасы К.У.га айтып берип, ал дароо милиция кызматкерлерине кайрылган. Арыздын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылган билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин 3-бөлүмүндө (сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×