Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.12.2017 20:10

Бишкек—Ош жолундагы 2 объекттин өрттөнүшү: 70% күйүк алган аял борбордук ооруканага которулду

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы өрт кырсыктан улам денесинен 70% күйүк алган аял Бишкек шаардык ооруканага которулду. Бул тууралуу жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директорунун орун басары Адилет Бакытов билдирди.

Анын айтымында, 51 жаштагы бейтап Бишкек шаардык №4 оорукананын күйүк бөлүмүнө 7-декабрда жаткырылган.

«Бейтапты санитардык авиация менен борборго алып кетишти, анын абалы туруктуу. Бизде күйүктөрдү кароого мүмкүнчүлүк жана атайын адистер жок болгондуктан Бишкекке которууга мажбур болдук. Бейтап шок абалдан чыккандан кийин күйүктү дарылоо зарыл. Ал кооптуу болушу мүмкүн», - деди ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Бишкек—Ош унаа жолунун 396-чакырымындагы Жээн-Кыштоо участкасында жолдун жээгинде жайгашкан дүкөн жана ашкана толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган Төрөбаева Салия жабыр тарткан. Ал денесинен 70% күйүк алып, шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×