Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жаштарды адептүүлүккө чакырган иш-чара өтүп, окуучулар менен мугалимдер сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында кечээ, 13-декабрда «Адептүүлүк — адам көркү» аталышта иш-чара болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чарага вице-мэр Г.Сатарова, шаардык кеңештин төрагасы Б.Маматаева, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ч.Тургунбаева жана мектеп директорлору жана окуучулар катышты.

Иш-чарада №5 Хуриев атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан ата-эне кыздарынын макулдугусуз аларды эрте турмушка берүү боюнча сахналаштырылган үзүндү көрсөтүлүп, ушул теманын алкагында талкуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле, «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясынын алкагында флешмоб уюштурулуп, «Адептүүлүк адамдын көркү» китепчеси катышуучуларга таратылды.

Бул иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлүп, «Зордук-зомбулукка каршыбыз», «Аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршыбыз», «Адамдардын укугун коргоо» деген ураандардын астында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдар окулду.

Иш-чарага активдүү катышкан 16 окуучу шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин ардак грамотасы менен билим берүү тармагында үзүрлүү иштеп, мугалимдердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн 3 мугалим сыйланды.

Ал эми Кыргызстан аялдар демократиялык тармагынын ыраазычылык каты менен шаардын вице-мэри Г.Сатарова, шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.Маматаева, №1 мектеп-гимназиянын директору Г.Кокоева, №1 мектеп-гимназиянын кыргыз тили мугалими жана уюштуруучусу Р.Тагаева, №5 К.Хуриев атындагы орто мектептин директору Ж.Аттокуровалар «Аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукка каршыбыз» жана «Адам укугун коргоо» акциясына активдүү катышкандыгы үчүн сыйланышты.

Иш-чара шаардык мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү, социалдык коргоо башкармалыгы жана аялдар кеңеши менен биргеликте №1 Токтогул атындагы мектеп гимназиясында өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1301
Көп окулду
×