Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.12.2017 15:51

Кара-Көлдөгү мектептерде окуучулардын коопсуздугуна жооп берген атайын кызмат ишин баштады

Turmush -  Кара-Көл шаарынын мектептеринде 1-декабрдан тартып коопсуздук кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, жаңыдан уюштурулган коопсуздук кызматынын ишинин жүрүшү жана андан ары уланышы көзөмөлгө алынууда. Мындай кызматтын иштешине окуучулардын ата-энелери дагы макулдугун беришкен.

«Учурда өлкөдө бала уурдоо фактысы көп болууда. Мектептердеги рэкетчиликти жоюу, окуучулардын сабактан ар кандай шылтоо менен суранып, үйүнө барбай, ар кандай жагымсыз жагдайларга туш болуп калуусун алдын алуу максатында аталган кызмат уюшулду. Ата-энелердин чогулушунда бул маселе талкууланып, алардын макулдугу менен протоколдук негизде мыйзамдаштырылып, ар бир окуучуга айына 10 сомдон төлөп берүү сүйлөшүлгөн. Учурда 6 мектепте коопсуздук кызматы иш алып барууда. Кийинки жылда балдар бакчаларында дагы бул кызматты уюштуруу пландалууда. Биз бул кызматка атайын уруксаты бар, «Афганчы» деген детективдик кайтаруу агенттигинин кызматкерлерин ишке алдык. Алар эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин ар бир окуучунун коопсуздугуна жооп беришет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×