Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.12.2017 14:13

Жансыз денеси Кара-Көлдөгү дарыядан табылган аялдын өздүгү аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясынын ортосунан 65 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-декабрда саат 12:00 чамасында Ак-Кыя көчөсүн аралап аккан Кара-Суу суусунун ичинен 1952-жылы туулган А.С. аттуу жарандын жансыз денеси чыгарылган. Маркумдун денесинен эч кандай жаракат табылган эмес. Жансыз дене шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы дарыянын жээгинен аялдын жансыз денеси табылгандыгын маалымдаган. №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу Акыя көчөсүндөгү дарыядан жансыз денени алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×