Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жаңы жылдык балаты тамыры менен отургузулду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балаты жасалгаланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бийиктиги 18 метр болгон майрамдык балатыны жасалгалоого 75 миң сом жумшалды. Жыл сайын балатыны жергиликтүү бийлик атайын буйрутма менен Токтогул районунан алдырышчу.

Быйыл балаты шаар мэриясынын имаратынын алдынан тамыры менен көчүрүлүп, жыл сайын жаңы жылдык балаты орнотулуучу жерге отургузулду. Балаты мындан ары жыл сайын жаңы жылда кооздолуп турат.

Буга чейин майрамдык балаты токойдон атайын кыйдырылып алынып келип, майрам бүткөндөн кийин ыргытылчу. Быйыл шаар бийлиги карагайды жөн эле кыюудан баш тартып, аны жыл сайын колдонуу максатында тамыры менен отургузушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×