Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.01.2018 15:32

Көлгө чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарган кара-көлдүк Кубатбердиге «Эр жүрөк» номинациясы берилди

Turmush -  Кара-Көл шаарында сууга чөгүп бара жаткан өспүрүм баланы куткарган Кубатберди Кожоюнбердиевге «Эр жүрөк» номинациясы тапшырылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Наамды салтанаттуу тапшыруу аземи 25-декабрда өткөн «Көгүлтүр от» иш-чарасынын жүрүшүндө уюштурулуп, сыйлыкты мэр И.Еркеев тапшырды.

2017-жылдын июнь айында Кара-Көл шаарынын 22 жаштагы тургуну К.Кожоюнбердиев Комсомол көлүнө чөгүп бараткан 11 жаштагы Моконов Заирбекти куткарып калгандыгы маалымдалган. Окуя өткөн жылдын 21-июнунда саат 15:00 чамасында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×