Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Кара-көлдүк окуучу Арген президенттин белегин алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-январда Кара-Көл шаарынын тургуну Калымбет уулу Аргенге президенттин белеги тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аргендин айтымында, ал жаңы жыл майрамы алдында президентке кат жазып, андан компьютер жана планшет сураган.

«Телеберүүдөн башка балдардын президентке кат жазгандарын көрүп, мен дагы жазууну чечтим. Мен Сооронбай Шариповичтен планшет менен компьютер белекке сурагам. Өлкө башчынын белегин алганыма абдан кубанып жатам. Президенттин ишине ийгилик каалайм жана анын адилеттүү башчы болуусун тилейм», - деди Арген.

Анын атасы Калымбеттин айтымында, Арген 2-топтогу майып.

«Баламдын президент С.Жээнбековго кат жазам дегенин угуп, колдодум. Бүгүн мына кыялындагы белегин алды. Ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айтуусунда, Арген Калымбет уулу №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 8-класста жекече окутулган балдардын тобунда билим алат.

«Биздин шаарда 31 бала жекече окутулат. Бул топтогу балдар ден соолугуна байланыштуу мектепте окуганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ар бир мугалим саатына жараша, үйүнө барып окутат. Инклюзивдик топтогу балдар да бар. Алар өздөрү буту менен басып барып, балдарга аралашып окуй берет», - деди ал.

Өлкө башчынын белегин мэр Ильяз Еркеев тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2675
Көп окулду
×