Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.01.2018 14:55

Бишкек — Ош жолундагы абал: Көк-Бел ашуусунда айдоочулар жолду колу менен тазалап жатышат

Turmush -  Бишкек — Ош жолунун 333-334-чакырымдарында жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу жүргүнчүлөр Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Алардын айтымында, 15-20дай жүк жана май ташуучу унаалар Көк-Бел ашуусунан чыга албай токтоп турушат. Анын кесепетинен жол тыгыны пайда болгон.

«Кар жаап жатат. Бирок жол сүрүлүп, кум чачылган эмес», - деп билдиришти жүргүнчүлөр.

Учурда айдоочулар аталган ашуудагы жолду колдору менен тазалап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×