Turmush — Кемин шаардык кеңеши менен шаардык мэрия тарабынан билим берүү тармагы дайыма ар тараптан колдоого алынып келет. Бул ирет окуучуларга уюлдук телефон жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Аралыктан окууда айрым окуучулар уюлдук телефону жок кыйналып келишкен. Бул маселени чечүү үчүн шаардык кеңеш менен шаардык мэрияга мугалимдер менен ата-энелер кайрылышкан. Бул көйгөй өз учурунда чечилип, шаардагы 8 окуучуга уюлдук телефондор белекке берилди. Аларды окуучуларга Кемин шаардык кеңештин төрагасы Кубат Мамыров менен шаар башчысы Соолайбек Досов тапшырып, каалоо-тилектерин айтышты.
Ошондой эле 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен Кемин шаарынын алдыңкы окуучуларына мэриянын жана шаардык кеңештин депутаттарынын атынан акчалай сыйлык тапшырылды.
Кемин шаарындагы төрт мектептеги 9-класстар арасында 16 окуучу, ал эми 11-классты аяктап жаткандардын арасынан 18 окуучу ийгиликтерге жетишкен.