Turmush — Сузак районунун Үлгү айылынын тургуну Кахар Эшкозиев Шотландиядан Кыргызстанга учак менен алынып келинген эт багытындагы уйларды багып жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы фермерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, абердин-ангусс породасындагы уйларды багып жатат. Алгач 2 баш торпогун сатып алып, учурда анын санын 50ден ашырды.
«Өзүм асыл тукум мал чарбасын түптөп, ушул тармакта жүргөнүмө дээрлик 30 жылга чукулдап калды. Башта сүт багытындагы уйларды бакчумун. Акыркы 15 жылдан бери эт багытындагы мал багууга өттүм. Азыр чарбада жүргөн абердин-ангусс породасындагы уйларды 2013-жылы эл аралык уюм менен мамлекеттик программанын алкагында Шотландиадан учак менен алып келгенбиз. Ошол жылдары өлкөдөгү ири мал чарбалар тандалып алынып, анын катарында Жалал-Абад облусунда биздин чарба да тандалып, уйларды сатып алганбыз. Ошол жылы каражат жетишсиздигиненби айтор 2 баш торпок сатып алып, анын санын көбөйттүм.
Негизи бул породадагы уйлар биздин климатка ылайыктуу келет. Жаңы келгенде адаптация болууда да эч кандай кыйынчылык болгон жок. Мен байкаган дагы бир өзгөчөлүк бул уйлар короо келишет экен. Короо дегеним чөптү, жемди тандабай жейт экен. Жыл сайын жайлоого Тогуз-Торо району тарапка чыгабыз. Суукка, ысыкка бат көнүп кетти.
Бул уйлар негизи сүттү аз берет экен. 1 саан орто эсепте 7-8 литр сүт берет. Бирок сүтү каймактуу келип, музоолор үчүн жагымдуу болот. Ошол себептен торпоктору төрөлгөндөн кийин да бат эттенип, бат жетилет.
Быйыл эрте жазда туулган торпокторду 5-6 айлык кезинде, тагырагы жайлоодон келген учурда 60-70 миң сомдон саттым. Абдан кирешелүү экен. Жакшы каралып, багылган буканын тирүүлөй салмагы 1 тонна 200 кг чейин жетти. Союлгандан кийинки этинин салмагы 700-750 кг чейин болот экен. Бул жылы багылган 1 баш буканы 397 миң сомго баалап саттым. Бул породадагы малды багууга кызыккандар көп», - деди ал.
Кахар мырза жарандардын мал кармоодо сандан сапатка өтүүсү учурдун талабы экенин айтып, бирок ошол эле учурда асыл тукум малдар таңкыс экенин белгиледи.
«Өлкөдө малдын саны көбөйүп, жайыттар жоголуп бара жатканы бул баарына эле белгилүү. Андыктан малдын санын азайтып, сапатын жогорулатуу зарыл экенин ар бир экинчи адам айтып келет. Бирок калк арасында асыл тукум малдын саны да баасы да кол жетимдүү эмес. Мындан улам өкмөт же министрлик чет жактан асыл тукум малдын тандалган түрүн алып келип берсе жакшы болмок. Азыр чет өлкөдөн уйлар алынып келинүүдө. Аны алып келүүдө тендер жарыяланат. Ага катышкан фирма сөзсүз пайда көрүү үчүн анын асыл тукумдуулугуна дээрлик маани бербейт. Баасы арзанын алат. Аны өлкөгө жеткирип келүүдө да ар кандай учурлар болот. 2 күн жем, чөптөн же суудан таңкыстык болгон малдын саламаттыгына сөзсүз терс таасир тиет.
Мындан улам министрлик өзү асыл тукум малды түз сатып алып келип, өлкөнүн түштүгүнө бир борбор, түндүгүнө бир борбор уюштурса фермерлер ошол жерден түз сатып алып бага бермек. Ошондо асыл тукум малдын саны көбөйүп, баасы да түшмөк», - деди фермер.
Кахар Эшкозиев «Бакыт» асыл тукум фермердик чарбасын көп жыл мурун түптөгөн. Учурда базардагы эттин наркы 700-800 сомго жетип жаткан учурда эт багытындагы малдын санын көбөйтсөм деген планы бар.
- Эт багытындагы абердин-ангусс породасындагы уйлар Шотландиянын Ангус аймагында чыгарылган. XIX кылымда бул аймакта селекция жүргүзүлгөн жана бүгүнкү күндө бул парода дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Ангустардын эти жумшак, майлуу жана даамдуу деп эсептелет.