Turmush — Айтматов районунун Арабик өзөнүндөгү Көк-Кыя капчыгайында жайгашкан Көк-Кыя шаркыратмасы кыш мезгилинде өзгөчө кооз көрүнүшкө ээ. Бул тууралуу Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркынын улук илимий кызматкери Нурия Орозбаева билдирди.
Анын айтымында, шаркыратма Айтматов районунун борборунан болжол менен 65 чакырым аралыкта жайгашкан.
«Бул жерди Арабик өзөнү деп коёбуз. Тоонун боорун жарып чыккан шаркыратма. Бул аймактын тарыхы ооздон оозго айтылып келет. Уламыш боюнча, Ыдырыс пайгамбар жөөттөрдөн качып келе жатып, ушул чөлкөмгө келип калат. Ал аябай суусап, Кудай Тааладан суу сурайт. Ошондо тоонун бир бөлүгү урап түшүп, ошол жерден суу атылып чыккан дешет. Мындан улам бул шаркыратма Көк-Кыя деп аталып калган», - деди ал.
Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы 2012-жылдын 11-декабрында №822 токтомдун негизинде түзүлгөн.
Парк биотүрдүүлүктү, флора менен фаунаны сактоо максатында уюштурулган. Анын жалпы аянты 61 миң 770 гектарды түзөт. Жаратылыш паркы коңшу мамлекеттер менен чектешет: түндүгүнөн Казакстан Республикасы, батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Чаткал, чыгышынан Бакай-Ата району менен чектешет.