Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну Сабрина Жумаева улуту аралаш үй-бүлөдө чоңоюп, турмуш жолунда кыргыз үй-бүлөсүнө келин болуп барган. Алгач тилдик тоскоолдукка, жаңы чөйрөгө жана салт-санаага көнүү оңой болбогонун айткан каарман бүгүн кыргыз келининин жашоосу тууралуу блог жүргүзүп, өз баяны аркылуу көпчүлүккө шыктануу берип келет.
«Мен 2001-жылы Жети-Өгүз районунун Тамга айылында төрөлгөм. Жолдошумдун аты — Мирбек Нурбеков, ал 29 жашта. Анын теги Тоң районунан, бирок өзү Алматы шаарында төрөлүп, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында чоңойгон. Кесиби боюнча ашпозчу, бирок унааларга абдан кызыгат. Менин орто кесиптик фармацевтикалык билимим бар. Мен метисмин, атам тараптан түркмөнмүн. Апамдын жарымы кыргыз, жарымы орус. Таенем орус, таятам кыргыз», — деди ал.
Ал жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.
«Биз менин туулуп-өскөн Тамга айылында таанышканбыз. Мирбек ал жакка практикага келген экен. Таанышканыбыздын кызыктуу окуясы кичинекей айла менен башталган. Мен андан бирөөгө чалып алайын деп уюлдук телефонун сурадым, анткени өз телефонумдун кубаты түгөнүп калган болчу. Бирок өзүм анын телефонуна номурмду терип койгом. Кечинде ал мага: “Атыңды эстей албай, уктай албай жатам” деп билдирүү жазды. Ошентип, биздин сүйлөшүү башталган. Башында чоң-чоң сүйүү сөздөрү болгон эмес, бирок кийин карасак эле мамиледе жүрүп калыппыз», — деди ал.
Анын айтымында, алар чакан нике той өткөрүшкөн.
«Биздин үйлөнүүбүз бир аз күтүүсүз болду. Буга биз да, ата-энелерибиз да даяр эмес эле. Мирбек үй-бүлөдөгү эң улуу уул, жалпы алты бир тууган, анын ичинен бешөө эркек. Ошондуктан чоң той болгон жок. Биз чакан нике той өткөрүп, ЗАГСтан нике күбөлүгүн алганбыз.
Нике тоюбуз Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында өткөн. Ата-энелерибиз да башында мындай өзгөрүүгө даяр эмес болчу, бирок эч кандай каршылык болгон жок — болгону бири-бирибизге көнүп үйрөнүп жаттык.
Алгачкы жылдар оңой болгон жок. Мен абдан жаш болчумун жана көп нерсени түшүнчү эмесмин. Анын үстүнө тил жагынан да тоскоолдук бар эле. Мен орусча сүйлөсөм, үйдөгүлөргө кээде орой угулчу. Ал эми мага кыргызча сүйлөшсө, өзүмө да орой сезилчү. Убакыт өткөн сайын баары өзгөрдү, азыр тескерисинче кыргызча сүйлөгөн абдан жагат.
Жолдошумдун үй-бүлөсүндөгү көптөгөн салттар мага абдан жакты. Мисалы, батага чоң маани беришет — тамактын алдында, тамактан кийин жана жашоодогу ар кандай учурларда. Ошондой эле мага абдан жакканы — биздин үй-бүлөдөгү эркектер келинге болгон сый-урматын көрсөтүп, мага “сиз” деп кайрылышат», — деди ал.
Сабрина ушундай кайын журтту насип кылганы үчүн Кудайга абдан ыраазы экенин айтат.
«Бир кызыктуу учур эсимде. Биздин таене тараптагы туугандардын арасында дунган улутундагы келин бар. Ал орус тилинде суроо берсе, энемдер да орусча жооп беришчү. Ошондо мен: “Орусчаны жакшы эле билет турбайсыңарбы, анда мен деле орусча сүйлөсөм болобу?” деп сурагам. Анан мен “Кыргызча сүйлө, сага аябай жарашат” деген абдан жылуу сөз уктум.
Турмушка чыкканга чейин мен дээрлик кыргызча сүйлөчү эмесмин жана акцентимден абдан уялачумун. Бирок бардык апаларым, эжелерим, жеңелерим мени аябай колдошту. Азыр да блог жүргүзүүмдө колдоп келишет. Мага ушундай кайын журтту насип кылганы үчүн Кудайга абдан ыраазымын — алар мен үчүн чындап эле өз адамдарым болуп калышты.
Азыр мен кыргыз келининин жашоосу тууралуу блогду активдүү жүргүзөм. Келечекте блогумду өнүктүрүп, Кыргызстандын ири компаниялары менен кызматташып, кандайдыр бир бренддин жүзү же амбассадору болууну жана адамдарга жашоону кандай болсо, ошондой чыныгы көрүнүшүндө көрсөтүүнү пландап жатам», — деди ал.