Turmush — Ош облусунун аймагындагы бир нече объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында жыл жыйынтыгы менен курулуш-монтаждоо иштери улантылып жатат. 2026-жылга жалпы 66 капиталык курулуш объектиси, 10 капиталдык оңдоо иштери жана 3 таза суу обьектиси 2025-жылдан өтүп, курулуш иштери улантылууда.
2026-жылга жалпы облус боюнча курулушу жүрүп жаткан объектилер:
- 31 мектеп;
- 15 бала бакча;
- 9 спорт зал;
- 2 музыкалык окуу жай;
- 2 ФАП, 4 оорукана;
- 1 жыйын залы, 1 ашкана, 1 инженердик тармак.
10 объект капиталдык оңдоодон өтүүдө:
- Ош облустук оорукананын капиталдык оңдоо иштери;
- Алай районунда 1 мектеп;
- Кара-Суу районунда 4 мектеп;
- Ноокат районунда 3 мектеп, 1 маданият үйү.
Ошондой эле суу объектилеринен 3 объектиде курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары 68 капиталдык курулуш объектисинде, 15 капиталдык оңдоо объектисинде долбоорлоо сметалык-документтер жасалууда.
Быйылкы 2026-жылы алдын ала бүткөрүүгө пландалган бир нече оъект бар. 43 капиталдык курулуш объектисин, 12 капиталдык оңдоо оъектисин, 3 таза суу объектисин пайдаланууга берүү каралууда.