Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин буйругуна ылайык милициянын полковниги Мухтарбек Токтогулов Абдирашитович Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жаңы жетекчини өздүк курамга тааныштырды.
- Буга чейин Сузак РИИБди Календаров Зураб Кубанычбекович жетектеп келген. Ал бул кызматка 2024-жылдын май айында дайындалган.