Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун онунчу каарманы — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кашат айылынын тургуну Тахмина Акылбекова.
Ысык-Көл району батыш тарабынан Балыкчы шаары, чыгыш тарабынан Түп району, түндүк тарабынан Казакстан менен чектешет, ал эми түштүк тарабы Ысык-Көлдүн жээгине такалат.
Ысык-Көл району дүйнөгө таанымал Ысык-Көлү менен белгилүү. Дүйнө жүзүнө атагы чыккан бул кереметтүү көл илгери бир нече ат менен аталып келген. Мисалы, Тимур-тун-нур, Жыт-Көл, Туз-Көл деп да айтылып жүргөн. “Ысык-Көл” деген аталыштын келип чыгышы да кызык. Бул сөз “жылуу көл” деген маанини билдирет. Көл кыш мезгилинде да тоңбогондуктан ушундай аталып калган. Менин оюмча, Ысык-Көлдүн туздуу болушу да анын тоңбой турушуна себеп болсо керек.
Ысык-Көл уламышы
Илгери Ысык-Көл аймагында Чолпон аттуу сулуу кыз жашаган экен. Аны кыраан, тайманбас Улан менен Санташ деген эки жигит сүйүп калышат. Эки жигит кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн таймашка чыгышат. Бирок бири да экинчисин жеңе албайт. Ошондо алардын туугандары да аралашып, чоң жаңжал чыгат. Бул окуя Күнгөй Ала-Тоонун боорунда болот. Чолпон эки жигиттин тең көңүлүн ооруткусу келбей, көкүрөгүнөн жүрөгүн сууруп чыгып, жан берет. Жерге жыгылганда анын жүзү күн чыгышты карап калыптыр. Чолпондой кызынан айрылган эл боздоп ыйлашат. Элдин туздуу, ысык көз жашынан Ысык-Көл пайда болгон дешет. Ошентип, эки жигит — Улан менен Санташ көлдүн эки тарабына, башкача айтканда Күнгөй жана Тескей жээктерине отурукташып калышкан экен.
Чолпон ата олуя...
Чолпон ата атактуу жылдыз санагыч жана касиеттүү дарыгер болгон. Анын жашаган доору белгисиз жана ал тууралуу маалыматтар так эмес. Ал жөнүндө эл оозунда айтылып жүргөн уламыштар гана бар. Ал уламыштарга ылайык, Чолпон ата деген олуя мындан он кылым мурда жарык дүйнөгө келген. Ал олуя өмүр сүргөн жылдары касиеттүү көгүлтүр көлдүн айланасы чытырман токой, түздүгүн калың камыш, бадалдар каптап жатчу экен.
Чолпон атанын азан чакырылып коюлган аты Мырзагул, атасынын аты Осмон болгон. Орус окумуштуусу В.В.Бартольд 1893-1894-жылдары көлдү кыдырып, Чолпон ата туурасындагы уламышты укканы бар. Орус окумуштууларынын билдирүүсүндө, Чолпон ата жөнүндө «дарыгер» (лекарь), «жылдыз санагыч» (звездочет) деп белгиленет. Чолпон ата жаратылышка жакын болуп, чөптөрдү, гүлдөрдү айырмалап таанып, дарылык касиетин билген. Андан сырткары, кирпик какпай таң атканча жылдыздарды санап, жылдыздардын жолун, жайгашкан ордун аныктаган. Таң Чолпон жылдызы чыкканча жылдыздарга байкоо салып, анын негизинде жер үстүндө боло турган кубулуштарды так айтып берген касиетке ээ болгон. Чолпон жылдызы менен сырдашып сүйлөшөт деген эл ага Чолпон ата ысымын ыйгарган.
Белгилей кетсек, кийин олуя Чолпон атага арналып, шаардын күн батыш тарабында 15 метр бийиктиктеги уникалдуу күмбөз курулган.
«Олуя Чолпон ата» күмбөзү бийиктиги 28 м келген 4 тирөөчтөн турган ачык жай. Анын туурасы 15х15 м болуп, пайдубалы граниттен тургузулган. Ортосунда чоң жашыл түстөгү купол болсо, 4 бурчунда 4 кичинекей купол орун алган. Алар малахит менен капталган. Ал эми маңдайкы тарабына жез пластинага араб тилинде «Чолпон ата олуя» деп жазылган. Күмбөздүн кире беришинде мрамордон жасалып, ар бири 3,7 тоннаны түзгөн 2 арстан турат.
Кыздары ак куу сымал
Көлдүн кыздарын көп учурда аккууларга салыштырышат. Чындыгында эле, көлдүн кыздары назик, сулуу, жөнөкөй жана чырайлуу келишет. Ошол эле учурда алар оокатка тың, өздөрүн таза, тыкан алып жүрүшөт. Эркек балдары да абдан намыскөй болушат. Балким, динди жакшы кармангандыктан болсо керек, аялзатын оор ишке көп сала беришпейт, өздөрү эмгектенип, каражат табышат. Жалпысынан көлдүн жигиттери бала кезинен эле турмушка эрте бышып, ата-энесине жардам берип, иштеп башташат. Жайкы сезондо көл жээгине барып, пирожки сатып болсо да эмгектенишет. Айрымдары бүркүттөрдү эс алуучулардын жанына алып барып, сүрөткө түшүрүшөт. Кичинекейинен эле эл менен аралашып, турмушка эрте бышат. Ошондуктан кийин чоңойгондо чыгаан, чечкиндүү болуп өсүшөт. Бизде көбүнчө бирөөгө жалданып иштегенден көрө, ар ким өзүнүн жеке ишин ачып, пайда алып келе турган жумуш менен алектенгенди жакшы көрөт.
Келиндердин жүгүнүүсү
Ысык-Көлдө эң кеңири тараган салттардын бири — жүгүнүү. Негизинен жүгүнүү дегенде айрымдар келиндерди кулчулукта кармагандай элестетишет. Бирок бизде жүгүнүү салты улууларга болгон урмат-сыйдын белгиси катары каралат. Келин кайнене-кайнатасына, жолдошунун улуу туугандарына жүгүнөт. Мисалы, туугандары менен жолукканда кол алышып, өбүшүп учурашпай, башын жерге ийип, колун көкүрөгүнө коюп, таазим кылат. Келин жүгүнгөндө, ага жооп катары улуулар да “Бактылуу бол, Кудай жалгасын” деген жакшы тилектерин айтышат. Келиндин жүгүнбөй калган учуру да болот. Жолдошу каза болгондо, кайын журту “белиң сынды, эми сен бизге келин эмес, кызсың” деп айтышат.
Ысык-Көлдөгү көйгөйлөр
Райондогу көйгөйлөр тууралуу айтсам, эң актуалдуу маселелердин бири — экология. Биздин район туристтик аймак болгондуктан, бул жакка чет мамлекеттерден да туристтер абдан көп келишет. Ысык-Көлдөн жыл сайын тонна-тонналаган таштанды чыгарылат. Айрыкча жайкысын эс алууга келген адамдар өздөрүнөн кийин тазалап кетишпейт. Биринчи кезекте өзүбүздөн башташыбыз керек. Өз элибизди тазалыкка үйрөтүү зарыл. Эгер өзүбүз тазалыкты сактасак, чет өлкөдөн келгендер да жаратылышка аяр мамиле кылышат.
Жыл сайын тынч эле жашап жаткандай сезилебиз. Бирок жай мезгили башталып, июнь айынын алгачкы күндөрүнөн тарта эс алуучулар келе башташат. Эң биринчи байкалганы — унаалардын көбөйүшү. Айрыкча Чолпон-Ата шаарында жол тыгындары көп болот. Пляжга же көл жээгине барсак, адамдар ушунчалык көп болуп, кээде басканга жер табылбай калат. Ошончо эл келип, сууга түшкөндө, чынын айтканда, көлдүн кирдеп баратканы байкалат. Чет мамлекеттен келгендерди сырткы келбетинен эле билсе болот, ал эми башка облустардан келгендерди сүйлөгөн диалектинен таанып коёбуз.
Бизде жыл сайын ар кандай кырсыктар да катталып турат. Былтыр жана мурунку жылдары катуу сел жүрүп, тоодон агып келген таштардын кесепетинен көптөгөн үйлөр урап, бир топ үй-бүлөлөр үйсүз калган учурлар болду. Бул адамдын терс энергиясынанбы, аны так билбейм. Бирок бузукулук көп болгон жерде табият кырсыктары да көп катталат деп уккам.
Көлдүк болгонума сыймыктанам.
Мен Ысык-Көл району менен сыймыктанам. Анткени “счастье родиться иссык-кульским” деп бекеринен айтылбаса керек. Эмнегедир көлдүк болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Бизде “көлгө барып эс алып келиш керек” деген маселе жок, анткени көл өзүбүздүн жаныбызда. Жайында күн абдан ысып кетпейт, аба ырайы мелүүн болуп турат. Элибиз да, жерибиз да абдан сонун, өзгөчө табиятыбыз керемет. Ысык-Көл районунун климаты мага аябай жагат. Адамдары да кичи пейил, меймандос. Алар сени кемсинтип, өзүнөн төмөн көрүшпөйт, баарына бирдей, тегиз мамиле кылышат. Таанысаң да, тааныбасаң да жылмайып учурашып, меймандостугун көрсөтүшөт. Көлдүн уул-кыздары абдан намыскөй келишет. Кыскасы, көлдүк болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам.
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза.
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева.
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова.