Turmush — Оптима Банк «20 миллионер» акциясынын алкагында байге ойнотууну улантууда.
Акциянын 15-жумасынын жыйынтыгы менен 1 миллион сомдук башкы байге кардар Искендер А.га ыйгарылды. Жеңүүчүнүн айтымында, алгач бул кабарга ишенбей, абдан таң калган. Ал утушту билимге инвестициялоону пландап жатканын билдирди.
Жеңүүчүнү банктын амбассадорлору Жеңиш Майрамбек уулу жана Бакыт Осмонканов куттукташты.
Мындан тышкары, балдар үчүн уюштурулган «20 чемпион» акциясынын алкагында да кезектеги жеңүүчү аныкталды. Каракол шаарынын тургуну Анна Б. iPhone 17 Air утуп алды.
Алдыда дагы 5 жума ойнотуу өтөт. Ага катышуу үчүн кардарлар Optima24 тиркемеси аркылуу күнүмдүк операцияларды жүргүзүп, билеттерди топтой алышат.
Акцияга катышуу үчүн:
- Optima24 тиркемесин ачып, «Миллион каалайм» баскычын басуу керек;
- биринчи белек билетти алуу зарыл;
- андан соң кызматтарды төлөө, акча которуу жана QR төлөмдөр аркылуу кошумча билеттерди топтоого болот.
Акция ар бир кардарга жеңүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.