Turmush — Ош шаарында электр көмөк чордонунан тетик уурдап, сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмөнө «Ош шаарынын электр тармактар» ишканасынан арыз түшкөн. Ал арызда көрсөтүлгөндөй, белгисиз жаран 2026-жылдын 27-февраль күнү болжол менен саат 11:00-12:00 чамаларында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан ТП-214 көмөк чордонунун эшигин ачып, андагы 12 даана 400А кубаттуулуктагы тетиктерин (предохранитель) уурдап кеткен.
Ушул эле күнү Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан ТП-3 көмөк чордонунан 9 даана 400А кубаттуулуктагы ПН-2 үлгүсүндөгү тетик уурдалган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 14-март күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну У.Н. аттуу жаран кармалып, тергөөгө камсыз болду. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө уурдалган буюмдарды түстүү металл алуучу пунктуна өткөрүү үчүн уурдаганын билдирген. Кармалган учурда көтөрүп жүргөн баштыгынан сатып үлгүрбөй калган электр тармагына тиешелүү тетиктер чыккан.
Учурда анын үстүнөн уурулук фактысы менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда тоноо фактысы менен соттолгон.