Turmush — Ысык-Көл облусунда Орозо айт намазы жана Нооруз майрамын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти камсыз кылуу багытында гарнизондук кароо өткөрүлдү.
Облустун борбору Каракол шаарындагы борбордук аянтта ички иштер органдарынын күч каражаттарынын даярдыгы текшерилип, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын жүрүшү бааланды.
Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов өздүк курамга майрам күндөрү коопсуздук чараларын күчөтүү, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле жарандар көп топтолгон жайларда укук бузууларга жана өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө боюнча тапшырмаларды берди.
Майрам күндөрү облус аймагында 800дөн ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында негизги көңүл эл көп чогулган жайларга, диний объекттерге, парктарга, аянттарга жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү башка аймактарга бурулат.