Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айыл аймагынын Фрунзе айылында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы айыл башчысы Урматбек Албанов менен маектешти.
Анын айтымында, 41 жылдан бери орозо кармап келет. Коомдук иштерге активдүү катышып, айыл аксакалдары менен бирге иш-чараларды өткөрүп келет.
«Фрунзе айылында 6 миңдей киши жашайт. Ошонун көбү мечитте намазга келип, андан соң ооз ачыруу болуп жатты. Эртең менен Айт намазга да киши көп келип, мечитке батпай, сыртта короо, бакчанын ичине чейин намазга турушту. 5-6 жылдан бери дайыма 30 күн бою мечиттен ооз ачабыз. Ооз ачтырам деген айылдык тургундар жыл сайын көбөйүп келет. Акыркы жылдары кезек эрте эле толуп, ооз ачтырам деп жетишпей калгандар болуп жатат. Ошондуктан кээ бирде 4-5 үй-бүлө биригип, ооз ачтырып жатышты.
Ал эми Нооруз майрамын Манас айыл өкмөтү боюнча Фрунзе айылында өткөрүү кезеги келди. Түнү менен даярданып, Нооруз майрамын белгилейбиз. Манас айыл өкмөтү боюнча 8 айыл бар. Жашоочулардын баары Фрунзе айылындагы Нооруз майрамына чогулуп келет», - деди ал.
Урматбек Албанов 1985-жылдан бери орозо кармайт. Ал союз кезинде агроном болуп иштеген.
Ал 2 уул, 2 кыз, 13 неберенин атасы.