Turmush — Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Маалым болгондйо, ал биринчи эле Талас шаарында курулуп жаткан «Баластан» балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. 6,5 гектар аянтка курулуп жаткан бул объект Турукташтыруу фонду жана Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.
Андан соң Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Касымалиевге оорукана бүгүнкү күндө 3 жерде жайгашып дарыгерлердин бөлүмдөн бөлүмгө консультация жасоолору, дары-дармектерди, тамак-ашты жеткирүү чоң көйгөйдү жаратып, күйүүчү майга кеткен финансылык каражаттары өсүп жаткандыктан, бир жерге 300 орундуу жаңы оорукана куруу зарылчылыгы туурасында айтып беришти. Төрага аталган маселени чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борборду көрүп чыкты. Бул курулуш долбоорунун жалпы суммасы 6 млн еврону түзүп, Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.
Иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Талас шаарынын борбордук стадионунун курулушун да көрүп чыкты. Стадион ушул жылы Эгемендүүлүк майрамына карата ишке берилет.
Ошондой эле «Акылман» президенттик лицейинин Талас шаарындагы имаратынын, Талас шаарынын борбордук мечити жана Талас шаардын борбордук паркынын курулуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Мындан тышкары Талас шаарындагы К.Нуржанов атындагы аллеясынын курулушун көрүп чыгып, Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып, курулуп жаткан Талас мамлекеттик университетинин имаратына дагы барды.
Бул объектилер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмалар коюлду.
- Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев долбоордун жалпы наркы 1 млрд 300 миң сом экенин айткан. Баластан шаарчасы 7 гектар жерге курулууда. Аталган борбор Талас шаарындагы (аэропорт тарапта О.Шамбетов көчөсүнүн №70 дарегинде жайгашат.