Turmush — Жети-Өгүз районунда өткөрүлгөн «Укук-тартип» аталышындагы алдын алуу жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандарды кармашты.
Тактап айтканда, Барскоон айылынын Сырт өрөөнүндөгү «Тоголок» участогунда белгисиз адамдар 2 баш жапайы тоо текени атып, устукандап алып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында далил зат катары алынган эки тоо текенин этине тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында аталган эттер жапайы тоо текеге таандык экени тастыкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургундары — 1988-жылы туулган И.Ж. жана 1995-жылы туулган Ж.А. экени аныкталган.
Алар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алып, мамлекетке келтирилген 200 миң сом чыгымды төлөп беришкен.
Учурда аларга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылып, иш Жети-Өгүз райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү.