Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сабак учурунда окуучуларга кол көтөрдү делген мугалим жумуштан кетти.
Бүгүн, 21-апрелде социалдык тармактарда окуучуларга кол көтөргөн мугалимдин видеосу тараган. Окуя 2026-жылдын 8-апрелинде райондун Благовещенка айылындагы №22 Аркадий Петрович Гайдар атындагы мектепте болгон.
Аталган окуя боюнча мектеп директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Сыргабү Жумагулова Turmush басылмасына берген комментарий берди.
«51 жаштагы математика мугалими биздин мектепте 26 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет. Окуя орун алган күнү өзү жетектеген 3-класска математика сабагын өтүп жатып, окуучулардын жүрүм-турумуна байланыштуу эки окуучуну чаап жиберген. Ал видеону биздин мектепке практикага келген кыз тартып, таратып салган. Бул окуяны угаар замат участкалык милицияга кайрылып, райондук билим берүү бөлүмүнө билдиргем. Ошол эле күнү педагог окуучунун ата-энесине барып кечирим сурап, эки тарап элдешип алган. Бирок 15-апрель күнү мугалим өз арызынын негизинде жумуштан четтетилген», - дейт Жумагулова.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган окуя боюнча Сузак райондук милициясы фактыны каттап, учурда териштирүү иштери уланууда.
3-класстын окуучуларына кол көтөрдү делген мугалим буларга токтолду.
«Окуя орун алган 8-апрель күнү жолдошум ооруп, ага операция жасала турган болчу. Мен да окуучуларга акыркы сабагымды өтүп, бейтапканага барам деп жаткам. Балдарга сабакты түшүндүрүп, кайра сурасам билбей жатканынан өзүмдү кармай албай чаап жибериптирмин. Андан кийин балдардын ата-энесине барып, окуя боюнча кечирим сурап, алар мага эч кандай доосу жок экенин айтып, элдешкенбиз. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылгандыктан өзүм арыз жазып, жумуштан кеттим», - деди мугалим.
Тurmush басылмасынын кабарчысы балдардын ата-энелери менен байланышканда алардын бири алгач мугалимдин окуучуларга жасаган мамилесине ачууланганын, бирок окуянын чоо-жайын укканда мугалимди кечиргенин айтат. Бирок ата-эне өз баласынын видеосун алардын уруксаты жок социалдык тармактарга тараткандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.
«Орун алган окуядан кийин кызымды кыргыз класстан орус тил классына котордум. Өз классында жетишкендиктери жакшы болчу, азыр эми бир аз өздөштүрүүсү кыйын болуп жатат. Биз мугалимди кечиргенбиз, себеби биз да ушинтип окуганбыз. Бирок блогерлердин социалдык тармактарга биздин балдарыбыздын видеосун жүзүн ачык эле бөлүшкөнү мени ойлонтуп жатат. Эртең балдарыбыз бой жетет. Ага чейин деле өздөрүн мектепте, көчөдө, коомдук жайда кантип алып жүрөт? Ушул маселе мени тынчсыздантып жатат. Балдардын бетин ачык тартып, аны бөлүшкөндөрдүн жоопкерчилигин ким карайт?», - деди окуучулардын биринин атасы.
- №22 А.П.Гайдар мектебинде 2500дөн ашык окуучу билим алат. Окутуусу орус, кыргыз жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн бул мектепте 100 мугалим эмгектенет.