Turmush — Кечээ, 13-мартта Манас шаарында женил унаа өрттөндү. Мындай маалыматты окуянын күболөлөрү билдирди.
ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан маалымдашкандай, тилсиз жоо саат 23:44тө толук өчүрүлгөн.
«Калаанын Спутник кичи шаарчасындагы Дружба көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 23:23тө түшкөн. Аны өчүрүүгө Манас шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт 23:44тө толугу менен өчүрүлгөн», - деп айтылат маалыматта.