Turmush —
Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө Аталар күнү салтанаттуу белгиленди.
Маалым болгондой, саамалыкка аким З.Каримов, айыл аймактардан чакырылган кадырлуу аксакалдар, райондук мекеме-ишканалардын ардагерлери жана жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду, жаш муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги тууралуу жылуу сөздөр айтылып, кадырлуу аталарга терең ыраазычылык билдирилди.