Turmush — 16-март күнү Бишкек—Кой-Таш жолунда жеңил унаа жолдун четинде турган эне-баланы сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалым болгондой «Volkswagen Golf 3» үлгүсүндөгү унаа жол четинде турган эне-баланы аз жерден сүзүп кете жаздаганы видеого түшүп калды. Окуя Бишкек—Кой-Таш жолунун 19-чакырымында №51 маршруттук каттамдын аялдамасынын тушунда болгон.
Учурда жол сакчылары анын чоо-жайын тактап жатат.