Turmush — Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылында Нооруз майрамына карата ар түрдүү сынактар өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сынактардын бири катары койдун башын 40дан ашуун бөлүккө бөлүү жана аны жактап айтып берүү каралган. Иш-чарада 10 адам ат салышты.
Активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, катышуучулар койдун башынын сөөгүнүн бөлүнүшү, кулагын, көзүн ким жеши керек экенин айтып бериши керек.
«Баш негизи ар облуста ар башка тартылат. Мисалы, Таласта аксакалга тартылса, Көлдө кичүүсү жейт. Анан койдун башы негизинен 42 сөөккө бөлүнөт. Биз мындай сынак өткөрүп жүргөнүбүз. Быйылкы жылы Чүй элинин баш бузушун көрүп кетели дедик» - деди ал.
Кой союу жана баш бузуу боюнча сынакка акчалай сыйлык каралган.
Ошондой эле Бурана айылында сүмөлөк фестивалы өтүп жатат.