Turmush —
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлгөн «Мыкты боз үй» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Бүгүн, 21-мартта Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» иш-чарасы өттү. Салтанаттын жүрүшүндө «Мыкты боз үй» сынагы жарыяланган. Сынактын жүрүшүндө калыстардын чечими менен сынактын ээси аныкталды.
- 1-орундуЖалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борбору багындырып, 20 миң сом жана диплом;
- 2-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби ээлеп, 15 миң сом жана диплом;
- 3-орунду Үгүт айылы камсыздап, 10 миң сом жана диплом;
- 4-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби ээлеп, 5 миң сом жана диплом менен сыйланды.