Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда интернет алдамчылыгы боюнча дроппер аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 21-январь күнү Өзгөн РИИБге 1992-жылы туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда социалдык тармактагы тайпада шылуундар акчаңды көбөйтүп беребиз деген сөздөрдү айтып, 556 миң 819 сом акча каражатын банктык карталарга котортуп алганын билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси (электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толуктады.
- Дроппер — бул өзүнүн банк карталарын, электрондук капчыктарын, SIM-карталарын, паспорттук маалыматын же эсеп реквизиттерин кылмышкерлерге уурдалган акчаны накталаштырууга же которууга берүүчү адам.