Turmush — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл аймагында Бошкой Канай уулунун айкелин тургузуу демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
2020-жылы Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылынан 30 сотых жер бөлүнүп, ал жердеги орнотулган ташка «Элдердин, уруулардын ынтымагын бекемдеген, чек араны сактаган Канай уулу Бошкойдун айкелине арналган жер» деген жазуу жазылган.
Курама айыл аймагына караштуу Эфиронос айылынын 82 жаштагы тургуну, ардагер Абылкан Исраиловдун айтымында, айкелди тургузуу жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо тапкан.
«Бул жерде мындан 50-60 жыл илгери клуб болгон. Бош калган аянтка жергиликтүү аксакалдар Канай уулу Бошкойдун айкелин тургузуу демилгесин көтөргөн. Бул багытта айыл өкмөтүнүн чечими менен жер каралган.
Канай уулу Бошкой деген ким? Бошкой, Байсейит, Байтик үчөө бир тууган. Эң улуусу Бошкой. Ал өз кезегинде элин, жерин душмандардан коргоп, уруулардын биримдигин түптөгөн тарыхый инсан. Экинчиден, Казакстан менен чектешкен аймакта Фрунзе айыл аймагына караштуу Ровное деген айыл бар. Ал жердин түпкү аталышы Ак-Эрмен. Бул жер Манас менен Алмамбет алгачкы жолу жолуккан ыйык жер. Мына ушундай ыйык жерлерди сактап калуу үчүн Бошкой иниси Байсейит менен кеңешип, уруулардын башын бириктирип, элин душмандардан коргогон.
Тарыхый барактарына караганда, Бошкойдун уулу Курама Казакстандагы Мерке айылында төрөлгөн. Демек, ал жер да кезегинде кыргыздарга таандык болгон. Негизи бул аймак болуш Бошкой эли деп аталган. Элибизде "Тарыхта өзгөчө тактар, айтылбаган аттар бар" делет. Азыркы муундар ата-бабалардын эрдигин унутуп бара жаткандай. Ошондуктан эл биримдигин түптөп, душмандардан коргогон Канай уулу Бошкойдун айкелин тургузуу көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Бүгүн да мен ошол идеяны эске салуу максатында айтып бердим», - деди ардагер Абылкан Исраилов.
Ал өз сөзүндө жергиликтүүлөр тарабынан акча топтолгонун да кошумчалады.
«Учурда бир аз акча каражаты топтолду. Албетте, бул жетишсиз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, Бошкой атабыздын урпактары, же тийиштүү мамлекеттик органдар кол кабыш кылса, бул жерге тарыхый инсандардын айкелин тургузуп, алардын эрдигин даңазалап, президенттин "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгынын алкагында келечек муундарга мурас калтырат элек», - деди ал
Буга чейин Фрунзе айыл аймагына караштуу Чорголу айылына бара жаткан жол боюнда Канай уулу Бошкойдун күмбөсү курулган.
-----------------------------------------------------------------------
Turmush 2022-жылдын январь айында Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл аймагына караштуу Чорголу айылында Бошкой манаптын мүрзөсүнө эстелик коюлганын жазган. Ал 2006-жылы Бошкойдун 200 жылдыгына карата ишке ашырылган. Бошкой манап айтылуу Байтик баатырдын агасы болгон.
Чорголу мектебинин директору, акын Султан Карбосовдун (47 жашта) айтымында, Бошкой манап 1805-1877-жылдарда бул аймакта жашаган. Урпактары, солто уруусу 2006-жылы мүрзөсүн түптөп, эстелик коюшкан.
«Мен "Бошкойдун баяны" аттуу уламыш жазгам. Ал Кутуш Сырмыбаевдин айтуусунун негизинде жазылды. Өзүм да түрдүү булактардан изилдедим. Массалык маалымат каражаттарына тарыхый инсандарды биле жүрүү максатында жарыяладым. Ал эл камын көргөн, калкына камкор, бай адам болгон. Жетим-жесирлерге, бей-бечараларга такай жардам берген. Сырткы душмандардан коргогон. Кезегинде өзүнө арнап, Ташкенттен уста чакырып күмбөз салдырган. Мүрзөнүн казанагын кең каздырып, аялына да жай даярдаткан. Ушунчалык бийик болгондон улам тээ алыстан эле үстүндөгү жалтырак темирлери күнгө чагылышып көрүнүп турчу экен.
Жашоонун жазмышы менен өзүнөн мурун аялы каза болуп, ушул күмбөзгө коюлат. Арадан жылдар өтүп, Бошкой манап каза болот. Баягы күмбөзгө сөөгүн алып барганда, казанактын (сөөк жатуучу жай) ичинен сымап сымал жалтылдаган суюктук көрүнөт. Ага таң калган журт башка жерден жай казып, денени көмүшкөн экен. Кийин атеизм күчөп турганда күмбөздү бузуу максатында адамдар келишет. Барскан менен ургулай баштаганда күүлдөгөн үн чыгат. Ошентип, бышкан кыштан курулган күмбөз туш тарапка чачылып кала берет. Бузууга баргандар оорукчан болуп, көз жумушат. Таң калыштуус, бышкан кыштар эчкинин майына жуурулган дешет», - деген ал.
Бошкой манап солто уруусунан болгон. Анын урпактары Чалдабар, Чорголу, Орто-Арык, Панфилов жана башка айылдарда жашайт. Бир уулунун аты Курама болгон. Уламышта азыркы Курама айыл өкмөтү ошонун атынан коюлган делет.