Turmush — Тоң районундагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Улан Эмилбеков кызмат дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү кадрдык чечимди райондук мамлекеттик администрация кабыл алган.
Эмилбеков Улан Эмилбекович 1990-жылы 24-октябрда Тоң районунун Кара-Талаа айылында туулган.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Билими:
- 1997-2003-жылдары — Тоң районунун Кара-Талаа айылында жайгашкан Б.Алаков атындагы мектепте билим алган;
- 2003-2008-жылдары — Каракол шаарында жайгашкан Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде окуган;
- 2008-2012-жылдары — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетинде билим алган;
- 2017-2021-жылдары — М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багыты боюнча магистратура бөлүмүндө окуган.
- 2011-жылы Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
- 2024-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети логистика боюнча докторантурага тапшырган. Учурда 2-курста окуйт. Диссертация темасы: "Эл аралык жеткирүү чынжырларынын контекстинде Кыргыз Республикасындагы айыл чарба продукциясынын кошумча наркынын калыптануу процесстерин изилдөө".
Эмгек жолу:
- 2009-жылы — «Кыргыз Руху» гезитинде кабарчы;
- 2011-жылдын июль-август айларында — Түркиянын Анкара шаарында «Иллер» банкында бухгалтердик эсеп жана банк башкаруу боюнча стажировкадан өтүү;
- 2012-жылдын март-апрель айларында — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин бюджеттик саясатты ишке ашыруу боюнча башкы башкармалыгында стажировкадан өтүү;
- 2012-2013-жылдары — «Бишкек Металл Пекеджин» ЖЧКсында сатуу боюнча коммерициялык директор;
- 2013-2016-жылдары — АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында транспорт жана логистика тармагында иштеген;
- 2017-2019-жылдары — Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаты;
- 2019-2021-жылдары — Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2023-2024-жылдары — Мэриянын алдындагы Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө адис.
- 2017-жылдавн тарта — Тоң районунун Кара-Талаа айылында «Байкут Агро» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
• 2022-жылдан тарта — туруктуу өнүгүү, бизнести пландоо, финансылык анализ жана долбоорду ишке ашыруу боюнча консультант.